Ошто батирдин ичинен аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ош шаардык куткаруу кызматынын 4 куткаруучулары Раимбеков көчөсүндө жайгашкан көп кабатту турак үйдүн батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен (1939-ж.т. Ф.З.) аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
Маркумдун жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилген.