Ош шаарында саясий көз караштарынан улам бир нече жетекчи кызматтарынан алынды. Ачык эле коркутуу, үркүтүү болуп куугунтукталды. Бул тууралуу «Улуттар биримдиги» партиясынын лидери Мелис Мырзакматов «Т-Медианын» эфиринде айтты.

Ал кайра белгиленген шайлоодо да административдик ресурс, мурдагыдай эле мыйзам бузуулар катталып жатканын белгиледи.

«Ош шаарынын мэрин президент өзү жеке чакырган. 2020-жылдын октябрь айындагындай жана  жыйынтыгы жокко чыгарылган апрелдегидей шайлоолор кайталанбасын деген. Каттуу эскерткен. Анткени эки шайлоодо тең Ош шаары  эң көп мыйзам бузууга айыпталган болчу. Бирок ага карабай, бул шайлоодо деле мыйзам бузуулар катталып жатат. Шайлоо болбой жатып эле милицияга 18 арыз келди. Жергиликтүү бийлик, мурдагы адатынан арыла албай жатат. Таза шайлоо өткөрүүгө көнө албай турат. Мурдагыдай эле мыйзам бузуулар кайталанып жатат. Президент таза шайлоо өткөрүү принцибин туу тутуп жатат. Бирок Ошто ошого каршы иштеп жатышат. Жөн эле айтып жатат да деген күчтөр да бар», — деди Мелис Мырзакматов.

Бирок, ал Ошто кайсы кызматтын жетекчилери иштен алынганын ачыктаган жок.

Ош шаардык кеңешине кайра шайлоо 11-июлга белгиленген. Ага 9 партия катышууда.

Шайлоо өнөктүгү башталгандан бери Ош шаардык милициясына жалпысынан 18 кайрылуу келип түшкөн. Анын ичинен жети арыз Жазык кодексинин 192-беренеси ( Шайлоочулардын добушун сатып алуу) менен катталды. Андан тышкары алтоо маалыматтык электрондук журналга жазылып, анын бешөө Ош аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлгөн.

Предыдущая статьяАбакта жаткан Атамбаев саясий упай алууда. Көрөгөч экен
Следующая статьяКүйөөм мени “сүйөм” деп, башкага да арзуусун арнап жүрүптүр…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here