Бүгүн Камчыбек Ташиев маалымат жыйын берет

Бүгүн, 8-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев азыркы кырдаал боюнча маалымат жыйын берет. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Камчыбек Ташиевдин 2-июлда эмгек өргүүгө ден соолугуна байланыштуу чыккан жана дарылануу үчүн чет өлкөгө учканы маалым.

Ташиевге 12-февралда Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнө операция жасалган. Кийин Баткен чек ара жаңжалы чыкканда УКМКнын төрагасы чет өлкөгө дарыланууга кеткени маалым болуп, ооруканага жетпей кайтканын өзү билдирген.

Add your comment

Your email address will not be published.