Абдывахап Нурбаев: «Орхан Инанды биздин жетекчиликти «кидать» этти»

 |  2803

Орхан Инанды биздин жетекчиликти «кидать» этти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев бүгүнкү парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү кыргыз бийлиги Орхан Инандыны өткөрүп берүү боюнча Түркиянын жетекчилиги менен макулдашып алышы мүмкүн деген божомолун айтты.

«Өкмөттүн өкүлүнө жана башкасына бир нерсе айтып кетким келет. Мүмкүн Эрдоган менен сүйлөшөбүз деп берген болсо, ал биздин жетекчиликти «кидать» этти. Дүйнөгө жар салып бизди уят кылды, эгемендүүлүккө шек келтирди. «Кыргызстан бизге эмне болуп калыптыр» деп дүйнөгө мактанды. Ушуну эске алгыла», — деди Нурбаев.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары «Сапат» лицейлер мекемесинин президенти Орхан Инандынын өлкөдөн чыгарылып кетиши тууралуу укук коргоо органдарынын маалыматын укту.

Add your comment

Your email address will not be published.