Бишкектеги Таш-Рабат соода борборунда өрт чыкты

Бишкектеги М. Горький көчөсүдө жайгашкан Таш-Рабат соода борборунун имаратынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган.

«Өрт саат 04:43тө чектөөгө алынып, саат 05:05те толук өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок жана өрттүн келип чыгуу себеби учурда такталууда», — деп айтылат маалыматта.

Add your comment

Your email address will not be published.