Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп эмгектенип кеткен коомдук ишмер Балбак Түлөбаев дагы Орхан Инандынын уурдалышы тууралуу өз пикирин ачык жазып чыкты.
«Калайык!
Жүрөгүм күйүп турат. Өзөгүм өрттөнүп! Орхан байке бир тууганымдай эле. Жалаң билим берүү, патриотуулук жөнүндө сүйлөшчүбүз. Эчен жетим, көп балалуу үй бүлөөлөрдөн балдарды окууга киргиздик. Мен эч бир Фетөчү- метөчү эмесмин. Түрк өлкөсүнө негизи эле мамлектүүлүккө каршы чыккан адам эмесмин. Убагында мени да күнөөлөшкөн. Жеке мамилем болгон байке менен. Башкасы бир тең, Орхан байке бир тең. Жазбасам өзүмү адам катары сезбей калам. Ушу адамдын ахыбалын көрүп жанымды таппай атам. Түрк өлкөсү, түрк инсаны менин экинчи мекенимдей. Ал жерден окуп билим алдым. Нанын бөлүп берген мага Түрк туугандарым. Ыраазымын. Ички саясаты менен ишибиз жок. Түбөлүк боло турган эки өлкө достугу, биримдиги.
Урматтуу Эрдоган мырза! Сиз да мусулман баласысыз, кайрымдуу болуңуз. Биздин шагыбызды сындырбаңыз! Агайыбызды кайтарып бериңиз! Кайтарып берсеңиз ааламда дагы бир журт, эл табасыз сиз деген. Эки дүйнөдө сизге ыраазы болобуз, дуба кылабыз. Күчтүүсүз, дүйнөдө абройуңуз чоң. Өлкөңүзгө күйүп бышып атасыз. Өч албаңыз, кек күтпөңүз. Кайрымдуу болуңуз. Агайыбызды кайра бериңиз. Кызматтарыңыз бир тентектик кылып койуптур. Убагында Осмон империясына Кыргыз ата бабаларыбыз үзөңгүлөш душман чапкан. Ага далил Изниктеги кыргыз күмбөзү. Ошолордун урматына, Агайыбызды бериңиз. Ал мындан ары да тынч, оокатын кылат. Эки өлкөнүн достугу үчүн, бекемдиги үчүн сизден суранам!
Президентибиз Садыр Жапаров да аркетин кылып атат. Ал жаңы өлкө түптөп атат, кыйын эле. Ага жардам болот. Биз бир боор элбиз. Көп адамдар менин пикириме кошулат деген ойдомун. Бийиктик сизде калсын!
—————————
Садыр Жапаров: Орхон Инандыны кайтарып алуу боюнча маселе көтөрдүк.
Президент Садыр Жапаров «Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхон Инандынын Түркиянын атайын кызматтары уурдап кетиши боюнча пикирин 24.kg агенттигине билдирди.
Белгилей кетсек, кетсек 5-июль күнү Түркиянын президенти Реджеп Тайып Эрдоган Орхон Инандыны атайын топтор Кыргызстандан алып келип, түрк сотторуна өткөрүп бергенин жарыялады.
Бүгүн Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Кыргызстандагы элчисине нота тапшырды.
— Садыр Нургожоевич, коомчулукта кызуу талкуу жаратып жаткан Орхан Инандынын Туркия тарабынан уурдалып кетишине байланыштуу кандай комментарий бересиз?
— Орхан Инанды дайынсыз жоголду деп массалык маалымат каражаттарына чыгаары менен мен дароо күч структураларынын жетекчилерин чогулткам. Бардык күчүңөрдү жумшап, тез арада тапкыла, чек араларды катуу карагыла деген буйрук бергем.
Ошол күнү Орхан Инанды жөнүндө толук маалымат алгам.
Көрсө, буга чейин эле 2016-жылдан бери үч жолу уурдап кетүү аракети болгон экен. Үчүнчүсү кыш айларында болуп, анда Камчыбек Ташиев сактап калыптыр. Тагыраагы, УКМКнын балдары сактап калышкан. Аны Орхан Инанды жана анын үй-бүлөсү да билет экен. Ошондо Камчыбек Кыдыршаевич жалгыз жүрбө, дайыма жан сакчы менен жүргүн деп эскерткен экен. Кенебестик кылып коюптур да..
— Эми эмне болот? Түркия тарапка доомат коёсуздарбы же жокпу?
— Албетте коёбуз. Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге тапшырма бердим. Элчисин чакырып нааразычылык нотасын бер деп. Бугун тапшырды.
— Кандай жооп күтсөк болот? Кайтарып алып келүү мүмкүнбү?
— Эң негизгиси — аман-эсен экен. Өмүрү узун болсун. Кайтарып алып келүү боюнча маселе көтөрдүк. Бирок азырынча Түркия тараптан расмий жооп келе элек. Оозеки түрдө Орхан Инанды силердин жаран эмес, биздин жаран, бизден жарандыктан чыккан эмес деген жообун берип атышат дешти. Түркиянын расмий жообун күтүшүбүз керек»-деген жообун кошо камтып жазган.
Предыдущая статья«Таш Рабат» соода борборунан өрт чыкты
Следующая статьяНазира Айтбекова: Президентибиз жакшы иштеп жатат. Элден калбай биз дагы кымбаттадык

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here