Кой-Таш окуясында Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевдин көзүн тазалоого буйрук берген деп айтылып жүргөн кептер чындык! Мындай пикирин мурдагы Жогорку Кенештин депутаты Мээрбек Мискенбаев “ Автор Тв” медиа тармагына берген маегинде билдирди.
“Атамбаевди кармоо алдында ИИМ де чогулуш болгон муну бардыгы билет. Ошондо Алмамбет Салиев өзү келип, УКМК нын төрагасы баары чогулуп, Атамбаевди кармоого 5 план түзушкөн. Атамбаевди кармоого келгенде тынч турган элге атайын ок атып, провакация жасап кирип келишкен. Алардын максаты атайын башаламандык уюштуруу болгон. Анткени ошол жердеги башаламандыкта Атамбаевдин көзүн тазалоо буйругу берилген. Сооронбай Жээнбеков 3 жылда эч нерсе кылбай эле, президент болгондон баштап Атамбаевди бир жыл жамандады. Анан бир жыл камайм деп жүруп акыры камады. Камаганы аз келгенсип түрмөдө Атамбаевге видео камера койдуруп алып, аңдып отурган. Ал видеолордун баары 5-6-октябрда Сооронбай Жээнбековдун кабинетинен табылган. Ал Атамбаевден коркуп жатып эле, кантип президент болуп келгенин кайра кантип кеткенин түшунбөй калды”

Предыдущая статьяЭрдоган Орхан Инанды Түркияга жеткирилгенин жар салды
Следующая статьяАктивист Улан Үсөйүн милицияга арыз жазды

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here