Бир кызматкердин орточо айлык номиналдык эмгек акысы 2021-жылдын январь-апрель айларында (чакан ишканаларды эсепке албаганда) 18 957 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

2020-жылдын январь-апрель айларына салыштырганда бир кызматкерге эсептелген орточо айлык номиналдык эмгек акы 7% га жогорулады, ал эми керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептегенде, анын чыныгы көлөмү 2,6% га төмөндөдү.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген расмий курстун негизинде 2021-жылдын январь-апрель айларында бир кызматкердин орточо айлык маянасы 224,1 АКШ долларын түздү.

Предыдущая статья22 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти
Следующая статьяТекебаев: Инанды боюнча кыргыз бийлиги тезинен реакция жасашы керек

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here