Белгилүү табып Хашым Зайналиев мекендештерин жана дүйнө жүзүн коронавирустан уу коргошун менен дарыламай болду. Анын айтымында дүйнөлүк медицина COVID-19  менен күрөшө албай калгандыктан, ал өзүнүн протоколун иштеп чыккан. Бул протокол бир гана биздин мекендештерибизге эмес, бүткүл дүйнөгө сунушталууда. Бул тууралуу ал 27-июнда Facebook социалдык тармагында билдирүү жасады. Эске салсак, Зайналиевдин иши буга чейин мыйзамсыз деп табылып, сот тарабынан ага дарыгерлик кылууга тыюу салынган.

Factcheck.kg Зайналиевдин билдирүүсүн кылдат текшерип көрдү.

Салттуу медицина коронавируска каршы күрөшө албайт

«учурда официалдуу медицинанын коронавирус илдетине чалдыккандарды дарылоодо шайы кетип калганын ар бир инсан түшүнүүгө билими жете бербейт…»

Бул билдирүүнү тастыктоочу фактылар ачык булактарда табылган жок. Тескеринче, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адханом Гебрейесустун айтымында дүйнө жүзүндө 70% адам эмделген соң пандемияны жеңүүгө болот. 2021-жылдын 30-июнуна карата жер планетасынын 23,4% ы гана жок дегенде эмдөөнүн бир дозасын алган.

Бүгүнкү күндө ДСУ тарабынан 7 вакцина бекитилген. Бул вакциналарды дүйнө жүзүндөгү окумуштуулар эң кыска мөөнөттө иштеп чыккан. Мындан тышкары, 19 вакцина ар кайсы өлкөлөрдө колдонулууда. Бул препараттар менен миллиондогон адам ийгиликтүү эмделди. Байкоолордун жыйынтыгы эмдөө коронавирстун жаңы түрлөрү менен ийгиликтүү күрөшүп атканын көрсөттү. Мындан тышкары, дагы 127 вакцина сыноодон өтүүдө.

«Оо, эл-журт!!! COVID-19 вирусу эл аралык чуу жаратканына 1,7 жылдан ашуун убакыт өттү. Ошентсе да, COVID-19 вирусу пайда кылган оорууларды дарылоонун эффективдүү протоколу Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюмунда жана дүйнө жүзү боюнча бардык мамлекеттерде жок».

Учурда коронавирус бир гана өпкөнү жабыртпастан, башка органдарга да, анын ичинен мээге, бөйрөккө, жүрөккө жана кан-тамырларга залакасын тийгизери белгилүү. Бул симптомдорду окумуштуулар кылдат изилдеп, дарылоонун протоколдорун улам жаңыртып турат.

Бүгүнкү күндө коронавирусту дарылоо үчүн атайын дары-дармектер жок. Ошондой эле вирус менен чөптөр, жер-жемиштер же чайлар натыйжалуу күрөшө алат деген билдирүү далилденген эмес.

Зайналиев дүйнөлүк окумуштууларга каршы

«Официалдуу медицина – COVID-19 вирусу пайда кылган оорууларды дарылай албайт. Анын себебтери мындайча; миллиардаган финансылык ресурска жана миллиондогон армияга ээ болгон официалдуу медицина – ушул күнгө чейин жөнөкөй тил менен айтканда COVID-19 вирусу кандайча, кантип, кандай жол менен жана механизмдери аркылуу патология пайда кылаарын түшүнө элек. Түшүнө албай жатса, анда кантип дарылоонун протоколуна ээ болот»

Демек, дүйнөдөгү эң билимдүү илимпоздордун армиясы изилдөө үчүн эбегейсиз ресурстарды сарптап, вирустун табиятын түшүнбөйт. Ал эми дарыгерлик иши мыйзамсыз болгон табыпт биологдорду, дарыгерлерди, вирусологдорду, иммунологдорду, экологдорду тартпай туруп, вирус тууралуу толук кабардар. 

Бүгүнкү күндө коронавирус тууралуу көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлүп, анын табияты жөнүндө белгилүү бир тыянактар ​​чыгарылды. Вирустун варианттары жана мутациясы изилденүүдө. Science журналынын маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндөгү изилдөөчүлөр SARS-CoV-2нин өнүгүшүн онлайн режимде тыкыр байкап жатышат. Тарыхта буга чейин бир дагы вирус мындай кылдаттык менен изилденген эмес. 

Коронавирустун узак мөөнөттүү симптомдорун, патологияларын жана кесепеттерин изилдөө ДСУ үчүн приоритеттүү багыт болуп саналат.

Зайналиев дарылоонун протоколу тууралуу мындай деген:

«Оо эл-журт!!! Айтылган ойдун силлогизмин же маани маңызын түшүнүп жаткан болсоңуздар, Кыргызстандын гана эл-журту эмес, жалпы адамзат COVID-19 вирусу пайда кылган оорууларды дарылоонун эффективдүү протоколуна мажбур болууда. Мына ушундай протокол – биздин колубузда турат. Колубузда турган протокол – өткөн пандемияда 30 ашык COVID-19 вирусу пайда кылган оорууларды дарылоодо колдонулган. Мына ушул протоколго өзгөртүулөрдү киргизүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө укуктук-нормативдик ченемдердин негизинде закондуу жол менен клиникалык апробацияга колдонуу сунушу менен чыгып отурабыз».

Белгилей кетсек, Кыргызстандагы коронавирус инфекциясын диагностикалоо жана дарылоо боюнча 5-протоколду кабыл алуу үчүн медицина жана биологиянын ар кайсы тармактарынан 35тен ашуун адистер жооптуу болгон.

Ал эми Зайналиев өзүнүн протоколу тууралуу сөз кылганда аны кимдер менен бирге иштеп чыкканын айткан эмес. Мындан тышкары, протоколдун өзүн көрсөткөн эмес. Бирок, бардык өлкөлөр менен иштеп кете аларын белгилейт.

Зайналиев жарыялаган чөптөрдүн жана өсүмдүктөрдүн башка элементтеринин дарылык касиеттерин изилдөө үчүн лабораториялар, адамдык жана материалдык ресурстар керек. Эң негизгиси, изилдөөнүн бардык баскычтарында убакыт талап кылынат. Тиешелүү билими жок адамда ушул ресурстар барбы? 

Зайналиевдин «илимий ачылыштары»

«Биздин изилдөөлөрүбүз көрсоткөндөй COVID-19 вирусу бейтаптын денесинде жайгашкан бактериялардын вирулентностун же патология пайда кылуусун активдештирип, антибиотиктерге карата сезгичтүүлүгүн төмөндөтүп жиберет. Ансыз деле көпчүлүк бейтаптар COVID-19 вирусуна чалдыкканга чейин антибиотиктерге резистентносту болуп, аны пайдалануу эффективсиз болуп калууда. Мына ушундай шартта жана зарылчылыкта Уу коргошунду, жана уу коргошун сыяктуу дары чөптөрдү пайдалануунун терапиялык эффективдүулүгү, антибиотиктерге караганда алда канча эффективдүү болот.».

Эске салсак, антибиотиктерге карата сезгичтүүлүгүн төмөндөшү тууралуу ДСУ 2015-жылы билдирүү жасаган. Бирок мунун коронавирус менен байланышы жок. Эгер адамдар дарыгердин сунушу жок эле туруктуу антибиотик колдонуп жүргөн болсо, анын ичинде COVID-19 менен ооруган учурда да колдонсо, албетте, антибиотик жардам бере албайт.

Мындан тышкары, Зайналиевдин билдирүүсүндө эмдөөнүн натыйжасыздыгы тууралуу кеп козголот:

«Биздин калайык-калкты вакцинациялоону өткөрүүнү каршы болуп жатканыбыздын далилдүү негизи бар. Бул негиз – кайсы мамлекеттин вакцинасы болбосун – анын эффект бербей жатканында. Вакцинанын эмне үчүн – эффект бербей жатканын официалдуу медицина илимий жана патологиялык көрүнүштөр аркылуу түшүндүрүп бере албай жатат».

Демек, табып он миңдеген адамдарга карата ар кайсы өлкөлөрдө 3 этапта жүргүзүлгөн бардык изилдөөлөрүн, ошондой эле жүз миллиондогон адамдар алган эмдөөнүн натыйжаларын четке кагууда.

ДСУнун эксперти Мария ван Керкховенин айтымындавакциналар вируска каршы күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмасы бойдон калууда, бирок вакцинация курсу аяктаганда гана: “кээ бир вакциналар жаңы варианттарга каршы анча натыйжалуу эмес, бирок кандай болгон күндө дагы, алар оор илдеттердин жана өлүмдүн алдын алууга жардам берет”.

Зайналиев аконит тууралуу

Табып өз билдирүүсүндө дүйнөлүк илимпоздордун жетишкендиктерин четке каккан соң, аконит тууралуу сөз кылды.

«Мына ушул учурда – уу коргошунду антибиотиктердин ордуна пайдалануу эң натыйжалуу болот».

Зайналиевдин билдирүүсүнө көз чаптырып, ал аконитти окурмандарга башынан эле таңуулаганын түшүнсө болот. Алгач президент Садыр Жапаровдун атын пайдаланып, анын сунушун “стратегиялык жактан зарыл болгон, чечкиндүү кадамды таштап, жол ачып берди” деп мүнөздөгөн.

Чынында Садыр Жапаров 15-апрелде социалдык тармактагы баракчасына коронавирусту 1-2 күндө жок кылуучу дармек табылганын жазып чыккан. Бирок бул билдирүү адистердин сынына кабылып, Facebook социалдык тармагы аны “жалган маалымат таратты” деген жүйө менен өчүргөн. Ири соцтармактын айтымында адамдын ден-соолугуна, анын ичинде COVID-19 дарылоо же анын алдын алуу боюнча коркунуч туудурган жалган маалыматтарды таратууга керек болсо президенттерге да жол берилбейт. 

Кийинки күнү Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев президентти колдоп, пресс-конференция учурунда уу коргошунду жылытып ичти. Буга жооп катары ДСУ расмий билдирүү жасап, анда клиникалык сыноолордон өтпөгөн дарыны каттоого жана колдонууга сунуштоого болбойт деген бүтүм чыгарган

«Тажрыйбалуу адис»

Зайналиев заманбап медицинанын ишмердүүлүгүнө көлөкө түшүрүп, өзүн тажрыйбалуу адис катары бир эле учурда биолог, иммунолог, вирусолог, медик деп белгилейт.  Ошол эле учурда ага окумуштуу катары кысым көрсөтүлгөнүн жашырбайт.

Эске салсак, белгилүү табыптын тиешелүү медициналык билими жок. Анан калса илимий иши, илимий даражасы да жок, бир гана педагогикалык билими бар.

Мындан тышкары, Зайналиевдин дарылоо ыкмасы өлүмгө алып келген учур катталып, ага кылмыш иши козголгон. Жыйынтыгында бүгүнкү күнгө чейин анын ишмердүүлүгүнө сот тарабынан тыюу салынган.

Сот процесси учурунда Зайналиев темир тор артында

Белгилей кетсек, Зайналиев өзүнүн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын тастыктоочу бир дагы далил келтирген жок. Бир дагы илимий иши же изилдөөсү жарыяланган эмес. Анын бейтаптарынын айтымында Зайналиев дарылоодо сулу, жашылча жана кадимки соданы колдонгон. Анын онкологиялык илдеттерди дарылоодо колдонулган ыкмасы коронавируска каршы да колдонулат. Зайналиев изилдөөнү “биз кылдык” дегени менен, командасынын мүчөлөрүн ачыктабайт.

Жыйынтык: манипуляция жана жалган маалымат. Зайналиев дүйнөлүк медицинанын учурдагы жетишкендиктерин жокко чыгарып, өзүнүн уникалдуу протоколу тууралуу билдирүү жасаган. Протоколдун маңызын Ысык-Көлдөгү аконит түзөт. Аконит уулуу болгондуктан, илимпоздор андан 40 жыл мурун баш тарткан.  Зайналиев өзүнүн изилдөөсүн тастыктоочу бир дагы далил келтирген эмес.

Т-Медиа.кж

Предыдущая статьяСадыр Жапаровго импичмент жарыялоо көтөрүлүүдө
Следующая статья22 жаштагы жигит сууга чөгүп кетти

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here