Активист Улан Үсөйүн милицияга арыз жазды

Жарандык активист Улан Үсөйүн «Айылдык табышкер» деп аталган долбоорунун алкагында Баткенге барганда белгисиз адамдар ага кол салууга аракет кылганын «Азаттыкка» билдирди.

«Шаарга кире бериште бизди жаман сөздөр менен тилдеп, «чыгып кеткиле» деп кыйкырышты. Артыбыздан калбай мейманканага чейин келишти. Милиция чакырдык, арыз жазып атабыз».

Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы активисттин арызы кабыл алынганын, кырдаал көзөмөлдө экенин кабарлады.

Жарандык активист Улан Үсөйүн «Айылдык табышкер» деп аталган долбоордун алкагында жергиликтүү ишкерлерди колдоо максатында Баткенге барган.

Аталган долбоор өлкөнүн булуң-бурчундагы ишкерлерди колдоо, аларды бизнести туура жүргүзүүгө, чоң рынокко чыгууга үйрөтүүнү максат кылат. Буга чейин долбоордун алкагында Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы жергиликтүү ишкерлер окутулган.

Add your comment

Your email address will not be published.