Санкт-Петербургда жергиликтүү тургун жол эрежесин бузуп, тыгын жаратты. Бирок ал жол эрежесин сактаган башка айдоочуну күнөөлөп
видеого тарта баштаган.
Россиялык басылмалардын маалыматына караганда, окуя бир күн мурун Борбордук кичи районундагы көчөдө болгон. Өзүн Кыргызстандыкмын деп тааныштырган Фольксвагенди айдап бара жаткан айдоочунун унаасы Тойота Прада менен бетме-бет кездешкен. Алардын айынан жолдо тыгын жаралган.
«Мигрант өз тилкесинде кетип бара жаткан. Каршы тилкеге чыккан жол тандабастын ээси аны өткөрүүсү керек деп чечкен. Натыйжада, Тойотанын артында өтө албай калган унаалар тизилген.
Фольксвагендин айдоочусу принципке туруп, жол эрежесин бузган жергиликтүү тургунга моюн сунган эмес. Кечигип жаткан аял андан сылыктык менен суранганда гана ал унаасын артка айдап жол бошотуп берген», — деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, Тойотадагы адам тарткан жаңжалаын видеосу социалдык тармактарга тараган. Өз кезегинде колдонуучулар кыргызстандык туура айткандыгын, видеонун автору жол  эрежелерин үйрөнүшү керектигин белгилешти.

Эң кызыгы Кыргызстандык интернет колдонуучулары өзүн «Кыргызстанданмын» деп тааныштырган айдоочу кыргыз эмес эле өзбек же тажик жараны экенин айтышууда. Эгер чын эле ошондой болсо, ал эмне себептен минтип айтты деген суроо жаралууда.

Предыдущая статья+40 градус: Автоунаада калган 2 жаш бала каза тапты
Следующая статьяМолдокматовдун жубайы Садыр Жапаровго эскертүү берди

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here