«Келечек-Будущее» партиясынын эки аял алуу тууралуу демилгеси — манипуляция

1-июлда “Келечек-Будущее” саясий партиясы “Фейсбуктагы” баракчасына “Биз эки аялдуулукка макулбуз” деген аталыштагы видео жарыялады. Анда аталган партиянын тизмесинде Бишкек шаардык кеңешине аттанган Назира Абдукаимова нике кагазы жок аялдар менен расмий никеде төрөлбөгөн балдардын көйгөйлөрү тууралуу сөз кылган. 

Ошондой эле талапкер партия  ушул маселени чечүү максатында эки же андан көп аял алуу мыйзамын мамлекеттик деңгээлде ишке ашырууну демилгелеп жатканын айткан.

Абдукаимованын бул кайрылуусу социалдык тармактарда кызуу талкууланууда.

Шаардык кеңештин депутаттары жогоркудай мыйзамдарды демилгелегенге укугу барбы? “Т-Медиа” текшерип көрдү.

Шаардык кеңештин иши эмес

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренсинде шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттары эмне иш кылары 17-пункт менен так жазылган. Ага ылайык, алар шаардык деңгээлдеги гана маселелерди көтөрө алышат. Ушул эле беренеде  шаардык кеңештердин кошумча ыйгарым укуктары да көрсөтүлгөн. Анда да республикалык деңгээлдеги кайсы бир мыйзам долбоорун же маселелерди чечүүгө ыйгарым укук берилгени жазылган эмес.

Аталган мыйзамдын 63-беренесинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын актыларынын милдеттүүлүгү тууралуу сөз болот. Анда жергиликтүү кеңештердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандардын курултайларынын, жыйындарынын, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына  карама-каршы келбеши керектиги  айтылат.

Баш мыйзам жол бербейт

Ал эми Баш мыйзамдын 85-беренесине ылайык,мыйзам чыгаруу демилге укугу

  • 10 миң шайлоочуга (элдик демилге);
  • Президентке;
  • Жогорку Кеңештин депутаттарына;
  • Министрлер кабинетинин төрагасына;
  • Өзүнө тиешелүү маселелер боюнча Жогорку сотко;
  • Элдик Курултайга;
  • Өзүнө тиешелүү маселелер боюнча башкы прокурорго гана таандык.

Демек, “Келечек-Будущее” партиясынын талапкеринин аталган демилгени көтөрүп чыкканынын өзү Конституцияга карама-каршы келүүдө.

Экинчи аял алсаң — 100 миң сом

Кыргызстанда бир эле убакта эки же андан көп аял менен түтүн булатууга тыюу салынган. Мурда Жазык кодексинде мындай кылмышка барган эркекти эки жылга эркинен ажыратуу каралган болчу. Бирок бул чектөө кагазда гана калып, иш жүзүндө жазага тартылган учурлар дээрлик жок. 2017-жылы аталган мыйзамга түзөтүү киргизилгенде бул беренени декриминалдаштырылып, азыркы учурда жаза — 100 миң сомдон 140 миң сомго чейин айып төлөө же коомдук иштерге тартууга өзгөртүлгөн.

Жыйынтык: “Келечек-Будущее” партиясынын эки аял алуу тууралуу шайлоочуларга кайрылуусу — манипуляция. Конституцияга ылайык мыйзам чыгаруу демилге укугу шаардык жана айылдык кеңештердин депутаттарына берилген эмес.

Булак: Т-media

Add your comment

Your email address will not be published.