Мамлекетке 50 млн сом зыян келтирген Алиярбек Абжалиев кезексиз сессиянын ачылышына катышты

Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясынын ачылышы өттү. Ага ушул жылдын январь айында Кыргызстандан чыгып кеткени айтылган депутат Алиярбек Абжалиев да катышты.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, депутаттар Кыргызстандагы пандемияга байланыштуу оор кырдаалды эске алып, эмгек өргүүгө чыкпастан, колдонуудагы мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында жаңы мыйзамдарды кабыл алуу зарыл экенин белгилеп, кезексиз сессия чакыртууну сунушташкан.

Белгилей кетсек, буга чейин, Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев УКМКнын эсебине 20 млн сом которгонун 28-июнда УКМКнын басма сөз кызматы тастыктаган.

Эске салсак, ушул жылы март айында УКМК Абжалиевдин үстүнөн мыйзамсыз баюу беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген. Тергөөнүн маалыматына караганда, Абжалиев мурдагы президент Жээнбеков менен тууганчылык байланышын пайдаланып, мамлекеттик органдардын ишине кийлигишкен жана мамлекетке 50 млн сом зыян келтирген.

УКМКнын билдирүүсүнөн кийин Абжалиев ушул жылы январь айында Түркияга учуп кеткени белгилүү болгон. 27-июнда Абжалиев Кыргызстанга кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы аркылуу кайтып келген.

Маалым болгондой, Абжалиев — Жогорку Кеңештин депутаты. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы.

Add your comment

Your email address will not be published.