Ырчы Аскат Мусабеков кырк жылкылуу болду. Бул тууралуу ырчы мырза социалдык тармактагы жеке баракчасы аркылуу сүйүнчүлөдү.
«Сүйүнчү туугундар! Кырк жылкылуу болдум. Кудайга чексиз шүгүр. Эл журтта аманчылык, жакшылык болсун», — дейт ал.
Эске салсак, ырчылар Аскат Мусабеков менен Миргүл Асаналиева 2020-жылдын 25-июнунда баш кошушкан.