Белгилүү журналист Шайырбек Абдырахман шалаакылыкка жол берген Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү оор эпидемиологиялык абалга күнөөлүү экенин айтты. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды:

Сиздей кишиге биздин айылда министриликти ишенип берүү эмес, керек болсо мал аркандатпайт! Жан кейигенде айтабыз да мага десе машаяктын кадры болсо да!
Дегеним, он күндөн бери айылда бир тууган иним ооруп жаткан. Грипп деп баштаган неме аягы ковид чыгыптыр. Өзү ооруганы аз келгенсип, аялы да кошо ооруп, ыкшып жөтөлүшүп, жанын койорго жер таппай калышты. Бишкектен ар кайсыл врачтын кеңешин жөнөтүп, дарыларды жаздырып, докторлордон телефондон кеңеш бердирип, аябай аракет кылдык айылдан эле айыктырып алууга. Ошол иним кечинде телефон чалат, Шаке майнап жок, анын үстүнө биз жакта көбөйдү, оорууканалар да жык, кыскасы болбой калдым окшойт деп айласы куруйт. Дем жетишпейт, жөтөлөт, ысытмалайт. Анан ыйлагым келип, эптеп канча сом десе да мейли такси жалдап болсо да келчи Бишкекке дедим. Акыры келди. Эптеп, чуркап жүрүп орун таап жаткырып келдим азыр. Эми го бул кырктын кырындагы жигит, Бишкекке келгенге шарты бар, калгандар эмне болду? Айылдагы оорукана, фап, медпунктардын шарты болсо силер кайра кайра жакшы көрүп кайталай берген сөз менен айтсак, 30 жылдан бери өлгөн! Эми өлгөн деп коюп жата берелиби, кинодогу галлдардын друиддерине окшоп, шоркуратып уу коргошуун уурттап, аны түтөтүп, резиденцияда боркуллатып кайнатып епт!!!
Эй! Элге силердин 30 жыл мурдагыны айтып кейип, анан кимгедир ачууланымыш эткениңердин бир тыйын кереги жок билсеңер! Азыр, так мына азыр айланы түгөткөн COVID-19ду жеңүүгө, айылдагы элди бул апааттан аман сактап калууга аракет кылганыңар керек!!! Болбосо жоголгула!!! Эл деген силерге оюнчук эмес, ДАКАНСА деген эмне экенин дакансаларыңарды кошуп туруп көргөзүп коёт керек болсо!!!
Буга чейин, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева парламенттин 30-июндагы жыйынында бул маселени көтөрүп, Алымкадыр Бейшеналиевдин жоопкерчилигин эске салган.
Предыдущая статьяЖолдошова: Жугунду ичип семирген сендей, көздөрүн байлап, көрсөтпөйт жолду
Следующая статьяБизге 11-июлдагы шайлоо эмес, элибиздин саламаттыгы керек!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here