Бишкекте коронавирус боюнча санитардык талаптарды аткарбаган бир нече кафе, ресторан, дүкөн, соода жайларга айып пул салынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ордо калаада эпидемиялык кырдаалдан улам күчөтүлгөн тартипте текшерүү рейддери жүрүүдө.

«Санитардык-экологиялык инспекциянын командасы күндүз бардык супермаркет, гипермаркет, соода борборлорун, кечинде кафе-ресторандарды текшерип жатат. Жыйынтыгында «Арпа», «Кавказский дворик», «Вкус востока», «Арсан», «Империя пиццы», Beef burgers жана «Асман», «Насип» ресторандарына 3 000 сомдон айып салынды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, санитардык-эпидемиологиялык талаптарды дагы бир нече соода борбор жана супермаркеттер бузуп, «Народный» дүкөнү менен «Партнер Кей Джи» компаниясынын экиден филиалдары 13 миң сомдон айып пулга жыгылганы кошумчаланды.

Предыдущая статьяКамчыбек Ташиев чет өлкөгө чыгып кетти
Следующая статьяБейшеналиев: ИИМ, ӨКМ биздин сунуштарды аткарбай жатат, сындаган эл өкүлдөрү тойлордо жүрөт

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here