“Багы жокко дагы жок” дегендей, 11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаар кеңештерине шайлоо өтөт. Алдыртан эле бай партиялар тытынышып, мандат үчүн өлгөнү калгандай жанталашып баратышат. “Чуркагандыкы эмес, буюргандыкы”, бактыларынан көрүшөт эмеспи. Маселе башкада.

Учурда ковид кулачын жайып, апаат арааны ачылган кез. Күнүгө жугузгандар эки миңден ашууда, ал эми кыргызчасынан өз алдынча ооруп жүргөндөр он эсеге көп болушу мүмкүн. 11-июлга чейин коронавирус кырдаалды кыйла чыңалтып, өлүмдөрдүн санын арбытып, кыргыз кыйырына бүлүк салчудай…

Дал ушундай абал оорлошуп баратканда жергиликтүү кеңештерге карата шайлоону токтотуп, элдин саламаттыгын сактабайт белек? Бизге баарынан да калкыбыздын саламаттыгы, өмүрү кымбат экенин унуттукпу? Июль айында былтыркыдай көпчүлүк кырыла баштаса, бийликтин акыбалы кантет?

Булак: Азия News гезити

Предыдущая статьяШайырбек Абдырахман: Мындай кишиге биздин айылда министриликти ишенип берүү эмес, керек болсо мал аркандатпайт
Следующая статьяСүйүнчү! Ырчы Аскат Мусабеков кырк жылкылуу болду!

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here