Максат Мамытканов менен Темирбек Асанбеков Евразия Экономикалык Комиссиянын министри болуп дайындалышты. Бул тууралуу аталган комиссия сайтына жазды.

Жогорку Евразия экономикалык кеңештин чечими менен 30-июндан тарта Максат Мамытканов Кыргызстандын атынан ЕЭКтеги бажы кызматташтыгы, ал эми Темирбек Асанбеков энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп дайындалган.

Мамытканов Олег Панкратовдун, Асанбеков Эмил Кайкиевдин ордуна келген.

Мындан мурда Мамытканов Кыргызстандын вице-премьер-министри кызматында иштеген болсо, Асанбеков 2010-2021-жылдары «Мекен Ынтымагы» партиясынын лидери болуп келген.

Предыдущая статья«Бул наристени 15 жыл күттүм». Куудул Гүлжайна Атаканова кызы менен төрөт үйүнөн чыкты
Следующая статьяЖолдошум ойношун “жаным” деп жазып алыптыр.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here