Саясатчы Жылдызкан Жолдошева Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди күнөөлөп, кызматтан алуу талабы менен президент Садыр Жапаровго кайрылды:

«Коронавирус күч алып, күнүнө миңдеген жарандарыбыз азап чегип, өлгөнү өлүп жатса…бирөөсүнүн «кылы» кыйшайып койгон жок. «Чымын» өлүп жаткандай.

Айланайын Садыр иним, канча кыргызстандык дагы каза болуш керек, мобу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматтан алыш үчүн?

Берилген ант аткарылыш керек…урматтуу Президент мырза.»

Буга чейин, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева парламенттин 30-июндагы жыйынында бул маселени көтөрүп, Алымкадыр Бейшеналиевдин жоопкерчилигин эске салган.

Предыдущая статьяӨзүмдөн 13 жаш улуу байке колумду сурап жатат. Тийсемби?
Следующая статьяКамчыбек Ташиевдин шайы: Акылбек Жапаровду «кустурабы», же кетенчиктейби?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here