Куудул, актриса Гүлжайна Атаканова 29-июнда Бишкектеги менчик төрөтканалардын биринде экинчи ирет эне макамына ээ болуп, кыздуу болгон. Бүгүн, 2-июлда ал кызы менен төрөт үйүнөн чыгып, кубанычы менен бөлүштү.

«Мен бул наристени 15 жыл күттүм. Биринчи ирет эне болгондой болуп кубанычымда чек жок. Кудайга чексиз шүгүр, абдан бактылуу болуп турам. Кызымдын атын Сафия деп койдук», — дейт Атаканова.

Буга чейин берген маектеринде куудул айым кызынын атасын коомчулукка жарыя кылбай тургандыгын айткан. Мындан ары дагы ал сыр боюнча кала берерин кошумчалады.

Гүлжайна Атаканованы кызы менен төрөт үйүнөн чыгарганы жакын санаалаш достору, бир туугандары жана чыгармачылыктагы үзөңгүлөш инсандары келди.

 

Предыдущая статьяБактыбек Калмаматов УКМКга суракка чакырылды
Следующая статьяМамытканов менен Асанбеков ЕЭК министри болуп дайындалышты

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here