Депутат Бокоев Зулушевден Бабановду бошотууну суранды

Депутат Кенжебек Бокоев генералдык прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, Өмүрбек Бабановду жазага тартуу чарасын өзгөртүүгө көмөктөшүп коюну суранды.
30-июнда, Жогорку Кеңеште өткөн жыйында баш прокурорго кайрылып, анын калыс боло турганынан үмүт артып жатканын айтты. «Сиз Садыр Жапаровдун, Камчыбек Ташиевдин, биздин спикер Талант Мамытовдун судьясы болуп турган кезде, саясий чечим кабыл алып, аларды актагансыз. Азыркы тапта мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөп жатасыз. 80 депутат Бабановду жазага тартуу чарасын өзгөртүү боюнча ходатайсвого кол коюшту. Бир айдын ичинде бир да жолу сурак өткөрүлгөн жок. Алгач камакка алып, андан кийин айыптоого негиз издешүүдө. Тергөөчүлөр жазалоо чараларын жана прессингди колдонуп жатышат», — деди Бокоев.

Add your comment

Your email address will not be published.