Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов ден-соолугу начарлагандыгына байланыштуу изоляцияда болуп, 28-июндан тарта Иш башкармалыктын клиникалык ооруканасында стационардык дарылоодон өтүүдө. Учурда Төраганын ден-соолугу туруктуу, дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңештин Аппаратынын жалпы 13 кызматкеринде анын ичинде төраганын кабылдамасында иштегендердин арасында COVID-19 илдети аныкталган.

Алар менен байланышта болгон жалпы 36 кызматкер ооруну алдын-алуу жана жайылтпоо максатында  обочолонуп, аралыктан иштөө режимине өткөрүлгөн.

Предыдущая статьяКылым афёрасына айланган Кумтөр мафиясын ким түзгөн?
Следующая статьяБлогер Ажара: «Депрессияга кабылып, ыйлаганга көз жашым калбай калды»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here