Кыргызстанга Түркмөнстандан Садыр Жапаровдун расмий иш сапарында сүйлөшүлгөн келишимдин алкагында жүктүн биринчи партиясы келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, 27-июнда кыргыз-түркмөн экономикалык форумунда эки тараптын өнөр жай кызматкерлери менен ишкерлеринин ортосунда келишимдерге кол коюлган. Тагыраагы, 21 миллион доллардан ашык каражатка жашылча-жемиш, сантехникалык буюм жана азык-түлүктү жеткирүү боюнча келишим түзүлгөн. Анын негизинде 18 тонна сантехникалык товарлар, 10 тонна помидор, 6 тонна сабиз, 2 тонна кондитердик азыктар ж.б. келген. Келген мындай товарлардын топтому интернет колдонуучуларынын арасында талаш-тартышка себеп болду. Ансыз да жарыбаган акчага иштеген дыйкандардын мээнетине убал экенин белгилеп, — «Түркмөнстанга ишибиз помидор менен сабиз үчүн түшсө, анда абалыбыз оор экен»,- деген сыяктуу пикирлер арбын айтылууда.
«Мындан сырткары, кийим-кече жана бут кийим өндүрүшү, эки өлкө ишкерлери ортосунда инвестициялык ишмердүүлүктү жана импорттук-экспорттук операцияларды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтык тууралуу чечим кабыл алынган. Бул макулдашуулардын алкагында 29-июнда Бишкек шаарына Түркмөнабад шаарынан жүк жүктөлгөн учак келип конду», — деп айтылат расмий маалыматта.Кыргызстанга экинчи тарапка эмне товарлар экспорттолот, негизи эле экпорттолобу белгисиз.
Предыдущая статьяСүйүнчү! Гүлжайна Атаканова кыз төрөдү
Следующая статьяЧүй облусунун губернатору Эркин Тентишев журналистти кабинетинен сүйрөп чыкты

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here