Кыргыз Республикасына Түркмөнстандан жүк жеткирилди. Бул тууралуу макулдашуу президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий иш сапарынын жүрүшүндө болгон, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.
Макулдашууга 27-июнда өткөн кыргыз-түркмөн экономикалык форумунда кол коюлган. Анда 21 млн долларлык жашылча-жемиш, сантехникалар жана азык-түлүк жеткирүү тууралуу айтылат.
Президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары Адылбек Касымалиев Бишкек шаарына жеткирилген жүктү аэропорттон тосуп алды.