Өткөн суткада Кыргызстанда коронавирус 1 965 адамдан табылып, 571 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат
кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек — 1 490;
Ош — 45;
Чүй облусу — 111;
Ош облусу — 94;
Талас облусу — 8;
Нарын облусу — 16;
Ысык-Көл облусу — 35;
Жалал-Абад облусу — 93;
Баткен облусу — 73.
Ушуну менен өлкөдө оору жуктургандардын жалпы саны 125 003кө жетти. Анын ичинен 110 082 бейтап дартты жеңген.
Айыккандар:
Бишкек — 256;
Ош — 74;
Чүй облусу — 68;
Ош облусу — 63;
Талас облусу — 8;
Нарын облусу — 5;
Ысык-Көл облусу — 7;
Жалал-Абад облусу — 56;
Баткен облусу — 34.
Коронавирус бир сутка ичинде сегиз адамдын өмүрүн алган.
Каза болгондор:
Бишкек — 2;
Ош — 1;
Баткен — 3;
Ысык-Көл — 2.
Муну менен жалпысынан 2 000 киши коронавирустун курмандыгы болду. Кечээтен бери 39 медиктен коронавирус чыкканы аныкталган. Учурда стационарларда 3 389 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Анын ичинен 962 адамдын абалы оор болсо, 158 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды.
Предыдущая статьяБлогер Ажара: «Депрессияга кабылып, ыйлаганга көз жашым калбай калды»
Следующая статьяКыргызстанда мамкызматкерлер саны 30% кыскарат

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here