Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Иса Өмүркулов мындайча айтканда партияны дагы сатты, фракцияны дагы сатты кетерде жигитчилик кылбай итчилик кылып кетти» — дейт «Полит Клиника» сайтына берген маегинде.

«Иса Өмүркулов камактан коркуп качып кетти» дегенге канчалык негиз бар экенин билбейм. «Кумтөр» боюнча дейин десек ал кезде Бишкек шаарынын мэри болуп туруп андан кетип калган. Бирок ал абийирден качып кетти. Чын-чынына келгенде, Иса Шейшенкулович «СДПК» фракциясынын легитимсиз төрагасы болчу. Былтыр 2020-жылы шайлоонун алдында кудасы Анвар Артыковго жазган арызы бар. «Мен «СДПК» саясий партиясынын катарынан чыккандыгымды билдирем» — деп, «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен шайлоого барган. Кийин кайра келип ордуна отурууга моралдык акысы жок болгон. Бирок биз «фракция лидери эмнени чечмек эле» деп унчуккан эмеспиз, «болсо-боло берсин» деп. Аягына келгенде ууру Ысмайылдай болуп түн жамынып качып кетиптир. Мен да таң калдым «фракция лидерлигин Иса Өмүркулов убактылуу Өмүрбек Бакировко тапшырып кетиптир» дегенде.

Жаманбы, жакшыбы фракцияны 4-5 жыл башкарды. Фракция мүчөлөрүн баарын чакырып «Урматтуу кесиптештер, ден соолугум жабыркап турат, дубаңарды берип узатып койгула. Мен биротоло кетип атам, келбейм өзүңөр бир лидер тандап алгыла менин орун басарым Төрөбай Закирович да абакка түшүп калды»,- деп айтып кетсе бул — жигитчилик. Айтпай кеткени бул — итчилик. Бул жигиттик кылбай түн жамынып качып кетти. Ууру Ысмайылдай болуп этин көтөрө качкансып качты андай болбойт да.

Экинчиден, бул ыйманга да, мыйзамга да туура келбейт. Фракция лидери деген бул шайлана турган кызмат биз шайлаган, биз байлаган киши. Анан бул сенин атаңдын аты эмес да «ме кармап тур мен тойго барып келейин» дей турган. «Мен таштап кетейин, мен келгенче карап турсун» дей тургандай. Ал шайлануучу кызмат эгер «шайлап алгыла» десе татыктуулар бар эле шайлап алмакпыз. Бирок эки ай калганда ал кызматтын кимге кереги бар бирок шайлоо болуш керек эле.

Бир чындыкты айтайын Иса бул жерде куулук кылып кетти. Иса кете электе «СДПК» арасында Исаны кызматынан чакыртып алуу боюнча кол топтоло баштаган. Ондон ашуун депутат кол койгондон кийин арасынан бирөө Исага айтып койгон «сизди алып жатат» деп. Анан бул мени алып жатса деп туруп башындагыларга чуркап бара калган акылдашайын деп. Барып соодалашып «каалаган адамыңарга өткөрүп берейинда кетейин» деген. Мунун басып кеткени түн жамынып качып кеткени негизги бети чыдабай кеткени ошол. Мындайча айтканда, партияны дагы сатты, фракцияны дагы сатты кетерде жигитчилик кылбай итчилик кылып кетти. Мага такыр жаккан жок. Иса экөөбүздүн мамилебиз жакшы, канча жылдан бери саясатта чогу жүргөнбүз да ушул жерге келгенде туура эмес кадамга барды». — дейт Момбеков Өмүркуловго нааразы боло.

Предыдущая статьяӨмүрбек Текебаев «Кумтөр иши» боюнча сурак берди
Следующая статьяЖылдыз Жолдошова: «Элди «кидать этип», «арзан пиар» менен алектенген, мамлекет башчысы, мамлекетти жоготууга алып келиши мүмкүн»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here