Үй камагындагы адам 18 жаштагы кызды уурдап, зордуктаган. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди.

Анын айтымында, 9-июнда Ош шаарынын тургуну — 29 жаштагы Т.Д. 2003-жылы туулган кызды уурдап, зордуктаган.

ИИМдин билдиришинче, июнь айынын башында нөөмөт бөлүмүнө бир кыз чалып, анын Кызыл-Кыя шаарындагы досун белгисиз жигит уурдап кеткенин айткан. Ал аны Ош шаарына алып келген. Андан кийин кыз табылды, уурдоого шектүү кармалган. Аталган факт Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин “Адамды уурдоо” беренеси боюнча катталган. Ош шаардык сотунда шектүү үй камагына чыгарылды.

«Ушул эле кыз 9-июнда милицияга арыз менен кайрылган, ал Т.Д. ны күч колдонуп алып кеткен, аны Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн бирине алып келип, сабап, зордуктаган», — дешти коопсуздук кызматкерлери.

КР Кылмыш-жаза кодексинин «Зордуктоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Соттун чечими менен ал адам бир айга камакка алынды.

Ошол эле учурда, буга чейин кыздын ата-энеси дагы кызын Т.Д.нын зордуктагандыгы боюнча кайрылышкандыгы белгиленди. Андан кийин иш жабылган.

Предыдущая статьяЖылдыз Жолдошова: «Элди «кидать этип», «арзан пиар» менен алектенген, мамлекет башчысы, мамлекетти жоготууга алып келиши мүмкүн»
Следующая статьяКТРК менен ЭЛТР телеканалдары Бабановду далилсиз каралап жатат

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here