1. Бабановдун кыргыз элине жасаган жакшы иштери: Өмүрбек Бабанов жакында эле 100 миллион сом эл үчүн берген, Пандемия маалында 25 миллион короткон, ошол каражаттын ичинен 5 млн медиктерге айлык берди, обсервация ачты, Таласка эң керектүү клексан. Гепариндерди, кислородный концентратор жиберди. Баткен окуясында бир нече камаз гум жардам жиберди, Дача-Су окуясында 1,5 миллион, Өзгөндө жер көчкү болгондо 1 миллион берген. Мындан тышкары Манас ата менен Чынгыз Айтматовдун эстелигин куруп жатканда 800 миң сом бөлгөн. Айтматов тирүү кезинде джип миңгизди. Кадамжайда селден жабыркагандарга 500 миң сом берген. Айта берсең эл үчүн кылган жардамы бир топ.

2. 2010-жылы Ош окуясында Өмүрбек Бабанов биринчилерден болуп гумжардам жиберген. Ал кезде Бабанов 30 миң долларга ИЛ — 76 маркасында самолёт жалдап 100 тонна ун жөнөткөн. Бишкекке кайтаар учурда ошол учак аркылуу жарандарыбызды коопсуз жайга ташып келген.

3. Эч кандай айып күнөө коюлбай эле камакка мыйзамсыз алынды.

4. Сот мыйзамсыз жабык өттү, Бабанов кылмыш кылбаса, мамлекеттик сыр жок болсо, эмнеге жабык эшик артында өтөт? Эл билиш керек! Журналисттерди, элди эмнеге киргизбейт? Видеого өзүбүз тартабыз- деп, кийин видеого тартылбай калды, аппарат иштебей калыптыр деп, сот элди алдады!

5. Бабанов Кумтөрдү жаңы келишим албаса, эски келишимди өзгөртпөсө- эмнеге камалып жатат?
• Кумтөрдү такыр иликтеп, биздин үлүшүбүздү көбөйтүүгө аракет үчүн, мамлекеттик комиссия түзгөнү үчүнбү?
• 16 300 гектар Бакиевдер мыйзамсыз берген жерди элге кайтарганы үчүнбү?

6. Мамлекеттик комиссия түзүп, 16 300 гектарды элге кайтаргандан кийин 20 күндөн кийин Бабановду Премьерликтен кетирип жатпайбы! Текебаев видеосунда, менден Атамбаев суранды, Бабановду кетирип бер деп өзү айткан интервьюсу бар.

7. 2012-жыл С.Жапаровдун комиссиясы караган учурда, видеодо Бабанов депутаттыкды колдоп, биздин үлүштү 67% кайра алып келиш керектигин айткан, мамлекеттик комиссияны ошол себептен түзгөн. Саясий чечим менен 16 300 гектарды элге кайтарып берди.

8. Кумтөрдөн биринчи жолу ар бир айыл өкмөткө 2 млн сом, жакыр үй-бүлөлөргө залогу жок насыяга өздөрү иштетсин деп 21млн $ алып, «Ала-Тоо Финанс» ачылган. Бирок Бабанов кеткенден кийин, «Ала-Тоо Финансты» жаап салган.

9. Республика фрскциясы 2014-жылы Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 67% кылабыз деп катуу аракет кылганда «Ата Мекен» фракциясынан башкалары колдобой койгон.

10. Бабанов бизнестен 2005-жылы саясатка келген. 1998-2004-ж аралыгында анын компаниясы 2 млрд 250 млн сом мамлекетке салык төккөн.

Предыдущая статьяСадык Шер-Нияз: «Мен Францияга элчи, ЮНЕСКОго өкүл болгонумду Таласта жүрүп уктум»
Следующая статьяӨмүрбек Текебаев: «Садыр Жапаровго аябай кыйын»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here