Араван районунун Ак-Сарай айылындагы 12 жаштагы баланын өлүмүнүн себеби аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда Turmush басылмасына Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, маркум А.О. аттуу баланын өлүмүнө шектелип кечээ, 27-июнь күнү 16 жаштагы Ю.А. кармалды. Тергөө ишинин жүрүшүндө маркум баланын үйүнөн 900 миң сомго жакын акча жоголгону аныкталды.

Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө Ак-Сарай айылында жайгашкан бактын ичинде кылмыш иш боюнча далил буюм катары акчанын турган жери боюнча маалымат алынган. Аталган маалыматты текшерүү учурунда маркум баланын үй-бүлөсүнө таандык болгон бактын арасынан алардын үйүнөн уурдалган акчанын 783 миң 500 сому алынган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшүндө кылмышка шектелип кармалган 16 жаштагы Ю.А. Араван райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн кызматкери, жактоочу У.Б. жана таятасынын катышуусунда сурак берип, кылмышты мойнуна алды. Ал 25-июнь күнү Ак-Сарай айылында таякесинин акчасын уурдап жатканда анын уулу көрүп калган. Кылмышты жашыруу үчүн аны өлтүргөн.

Маркум баланын үй-бүлөсүнүн алма багы болгон. Кылмышка шектүү Ю.А. алар алма тергени кетет деп уурулукка барган. Ошол кезде үй ээсинин 12 жаштагы баласы үйдөн чыга элек болуп, кылмышты көрүп калган. Уурулукка келген жээни таякесинин баласына «фокус көрсөтөм» деп, 2 колун таңып, мууздап салган.

16 жаштагы шектүү 28-июнь күнү Араван РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Предыдущая статьяОшто намаз окууга чыккан ата өз баласынын колунан каза тапты
Следующая статьяТашыркап калган Аскарбек Жаныбековдун эси эки болуп турган кези

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here