Саясатчы, “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жашоосун элдин кызматына арнап келет. Анын кесепетинен көрбөгөн кыйынчылыгы, тартпаган сыноосу калган жок. Бирок аны бир да сыноо сындырып, мөгдөтө алган жок. Анткени аны дайыма колдоп, шыктандырып, жөлөк болуп турган жубайы бар.
______
– Айгүл эже, Тилла эненин көзү өткөнүнө бир ай болуптур. Кайненеңиз акыркы күндөрүн кандай жашады?
– Апам 90 жашка чыгып дүйнөдөн кетти. Дагы деле жашаса болмок, себеби тукумунда узак жашагандар бар. Мен 1995-жылы жаңы келин болуп барганда апамдын 95 жаштагы эжеси бар болчу. Ал эже 102ге чыгып каза болду, баскан- турганы тың, акылы тунук эле. Мындан улам апам деле жүзгө чыгат деп ойлочубуз.
______
– Баласынын жашоосу да көп санаага салып, саламаттыгын алды окшойт да?
– Ооба, Өмүрбектин камалганы өмүрүн, ден соолугун алып койду окшойт. Уулун соттон акталышын апам акыркы убакта күн санап күтүп жүрдү. Кезектеги сот отуруму качан болорун күнүнөн саатына чейин билет эле. Сотко эртең менен келип кечке чейин жүргөн күндөрүбүз бир жарым жылга созулуп, азыр Кудайга шүгүр, артта калды. Акыркы сот отуруму болордо ооруканага жатып калган эле. Баарыбызга кубаныч алып келген ал жаңылыкты телефон чалып сүйүнчүлөдүк. Өмүрбек акталары менен апама барып ооруканадан чыгарып үйгө алып келген. Ошондон эки жумадан кийин эле каза болду. Апам өтө күчтүү, зирек аял. Канчалык кыйын болсо деле оор күндөрдү эне жүрөгү аркылуу өткөрөт экен. Өмүрбек камакта жаткан жылдары мертинен тая түштү. Ошол эле учурда кайраты, акылы менен бизге үлгү болду. Дем-күч берип турду. Биринчи жолу уулуна жолугушканы келгенде мени көрүп: “Эмнеге мындай жүдөп, арыктап калдың? Башыңды көтөрүп балдарды, өзүңдү жакшы кара”,- деди. Өмүрбекке болсо “балам, кам санаба, ден соолугуңду ойло” деп айтып чыккан. Ошол сөздөрдөн кийин мен кадимкидей чыйралып, жоопкерчилик эки эсе өскөнүн сездим.
______
– Кызыңыз Айсара үчүн да ал жылдар оор болгондур. Атасын темир тор артында көрүү баланын аң-сезимине таасир этсе керек?
– Айсара ал күндөрдү көп эстегиси келбейт. Ал кезде жети жашта болчу. Бала түшүнбөйт деп ойлогонубуз менен баарын туюп-билип, эсине сактап калыптыр. Мен да кызымды кичинекей деп ойлочумун.

Бир-эки ирет ошол күндөр тууралуу сурасам көзү жашылданып эстегиси келбей турганын айткан. Негизи эле Айсара кызыбыз атасына жакын, эркелешип бири-бирин “менин дарым” деп турушат. Азыр он үчкө чыгып созолонгон кыз болду. Мурда апам бизге “чоңойбой эле ушул кичинекей бойдон калсаңар” десе түшүнчү эмесмин. Эми минтип балдарым бой жеткенде ал сөздүн төркүнүн түшүнүп отурам. Кызымдын сырткы келбети, көз карашы чоң энесине окшош. Мүнөзү атасын тартып оор басырыктуу, бир сүйлөйт. Бийге кызыгып 4-5 жыл бий ийримдерине барып аткан, пандемияга байланыштуу барбай калды. Учурда япон тилин үйрөнүп атат, англис тилинде эркин сүйлөйт, сүрөт ийримдерине барат. Сүрөт тарткандан ырахат алат экен.


______
– Улуу кызыңыз турмушка чыгып куда-сөөктүү кылды.
– Ооба, кызым менен күйөө балабыз төрт жылдан бери сүйлөшүп жүрүп баш кошушту. Кудаларыбыз Көлдүн Темировка айылынан болот. Куда аскер адамы, кудагый мугалим, учурда экөө тең ардактуу эс алууда. Күйөө балабыз Максат долбоорлор менен иштейт. Үйдө эки бир туугандын улуусу. Кызыбыз турмушка чыкканын деле элдер социалдык тармактан билишти. Буга чейин үй-бүлөлүк маараке, жакшылыктарды эч кимге жарыя кылчу эмесмин. Азыр жашообузда болуп аткан жаңылыктарды жолдошумдун күйөрмандары өзүбүздөн угуп-билсин деп чыгарып калдым.
______
– Тун кызын турмушка узатканда атасынын ичи ачышкандыр?
– Үйлөнүү тойду кызым “атам чыкканда” деп улам артка жылдырып жүрдү. Бул аралыкта күйөө бала да бизге жакын болуп кызымды колдоп жанында жүрдү. Үй-бүлө мүчөсү болуп калган. Анан баарыбыздын тилегибиз ишке ашып, көптөн бери күтүп жүргөн күндү кубануу менен кабыл алдык.
______
– Уулдарыңыз да кол-арага жарап калгандыр?
– Амантур менен Эсентур экөө тең студент. Пандемияга байланыштуу аралыктан окуп атышат. Окуп эле тим болбостон, өздөрүнүн кесибине байланышкан жумуштарда иштешет. Окуу төлөмүнө, өздөрүнүн баскан-турганына каражат таап алышат. Атасы да өзүнүн студент кезиндеги кароолчу болуп иштегендерин айтып берип аларды шыктандырып турат.
______
– Агайдын эки кызына жана эки уулуна кылган мамилесинде айырма барбы? Адатта аталар уулуна катаал, кыздарына мээримдүү болот го…
– Бардык аталар уул каалайт, бирок кызын жакшы көрөт дешет го.

Өмүрбек да кыздарына абдан жакын. Аларды эркелетип, көп сүйлөшөт. Уулдардын тарбиясын мага ыйгарып койгон. “Кыргыздын традициялык педагогикасында ата эркек баланы көп урушуп, акыл үйрөтпөшү керек. Тарбия сөз менен эмес, иш менен болот, мени да атам ошондой тарбиялаган”,- дейт.
______
– Артыңызга кылчайып аял катары башыңыздан өткөргөн оор күндөрдү кандай сезим менен эстейсиз?
– Меникиндей сыноону, кыйынчылыкты эне, аял катары бирөөнүн да башына салбасын деп тилейм. Эгер жолдошунун, үй-бүлөсүнүн келечегине кооптонуу жаралса, ар бир эле аял мендей болуп акырына чейин чымырканып күрөшөт болуш керек. Бирок мен жалгыз болгон жокмун да. Үй-бүлө, бир туугандар, партиялаштар, пикирлештер менен чогуу болдук. Анан да чындык сен тарапта экенин билүү адамга болуп көрбөгөндөй күч берет экенин сездим.
______
– Агай азыр эмне менен алек?
– Азыр убактысын үй-бүлөгө, партиясына арнап атат. Көбүнчө саламаттыгын биринчи орунга коюп, жашоо образын кылдат карайт. Күндө үйдөн иштеген кеңсесине чейин жөө барып-келет. Жөө баскандын ден соолукка пайдасы чоң экенин айтып калат. Спорт менен машыгып, тамакты ылгап жеп саламаттыгын карап жатат.
______
– Адамдын колунда бийлик турганда көп адам айланчыктап жүрөт. Башына кыйынчылык түшкөндө иргелип калат эмеспи. Досторуңуздардын арасынан акырына чейин колдогондор кимдер?
– Бул адамдын табияты экен. Колуңдан иш келип турганда жаныңда адамдар көп болот, башыңа иш түшүп калганда азайышат. Бул табигый көрүнүш. Адамдарга капа болуунун кереги жок, болгону, кимдин ким экенин билип коюу керек. Ал эми конкреттүү биздин учурда андайлар аз кездешти. Жүздөгөн, миңдеген карапайым санаалаштар, партиялаштар көп болду. Таштап кетпей колдоп турушту. Тескерисинче, жан тартып, жардам берем деген адамдардын саны көбөйдү. Төрт жыл аралыгында жеке өзүм көп жаңы досторду таптым.
______
– Дегеле агай достук мамилеге кандай? Бекемби?
– Өмүрбек 30 жылга жакын депутат болуп шайланып келе жатат. Бул анын адамдар менен болгон мамилесин, сөзүнө тургандыгын белгилейт. Ар бир адам менен сүйлөшө билет, алар менен тең болуп колунан келсе колдоо көрсөтүп, жардамын берип турат. Жолдошторуна да ошондой мамиле кылат.

Менин байкаганым, эгер бирөөдөн телефон чалуу болуп, билдирүү келип окубай калса, кеч болсо да аларга жооп берет. Тааныбаган адамдар байланышка чыкса да жоопсуз калтырбайт. Бул анын адамдарга болгон мамилеси. Достукка, сөзүнө бекем. Колунан келип турса досторунан эч нерсе аябайт.
– Маегиңизге рахмат!

Эркиндик медиа

 

Предыдущая статьяСейилдеп, чогуу тамактанып… С.Жапаров менен Э.Рахмон жолугушту
Следующая статьяӨмүрбек Текебаев «Кумтөр иши» боюнча сурак берди

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here