Вице-премьер-министр — Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров эки-үч айдын ичинде чек аралар жабылат деп эсептейт. Бул тууралуу ал 24-июнда өкмөттүн жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жардамга муктаж болгон аялуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн тизмесин аныктоо керек. Бул үчүн ал ар бир ушундай үй-бүлөгө санарип карталарын жасап, алар аркылуу арзан баада азык-түлүк сатып алууну сунуштайт.
«Эми биз ишти жүргүзүшүбүз керек. Эшелондор жана учактар маанилүү продукцияны алып келишет. Эгер кечиктирсек, 2-3 айдан кийин чек аралар жабылып калат, бизге эч кандай ун келбейт», — деди Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов аны менен макул болуп, азыктарды, анын ичинде унду Россиядан жана Казакстандан сатып алуу керектигин билдирди.
«Гуманитардык жардам Казакстандан келди. Ошондой эле Кытайдан келет, бирок бул аздык кылат. Кампабыздагы ун 4 айга гана жетет», — деп кошумчалады Марипов.

Предыдущая статьяАбдил Сегизбаев ковидден кийин 15 кг арыктап, сөлөкөтү эле калыптыр
Следующая статьяБүгүн Садыр Жапаров Тажикстанга барат

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here