Жолдошум экөөбүздүн бир балабыз бар. Балам бир жарым жашка чыкканда, күйөөм мени катуу сабап, эс-тутумумду жоготком. Аябай жүрөк муздаган. Турмушубуз бузулган. Ошентип 6 жылдай бирге жашаган жокпуз. Беш жыл өткөндөн кийин бир жигит менен таанышып, сүйлөшүп жүрдүк. Ал колумду да сураган, мен макул болгом. Бирок жашоомдо күйөөм кайрадан пайда болду. Ортого киши салып, ата-энеме чейин көндүрүп, жарашууга кандай макулдугумду бергенимди да билбей калдым. Бирок жарашкан күндүн эртеси эле өкүнүп баштадым, жүрөгүм муздап калыптыр.

Ошентип, биз жарашкандан кийин эле жолдошум Америкага кетти иштегени. Ал кеткенден кийин баягы жигит кайра колумду сурап келе баштады. Мен азыр эмне кылышты билбей, башымды мыкчып отурам. Күйөөмө болсо көңүлүм жок. Колум сурап жүргөн жигитти эч унуталбай, кол үзө албай койдум. Көңүлүм калса да күйөөмдү күтсөмбү, же колумду сураган жигитке кете берсемби? Баардык туугандарым, ата-энем, бир туугандарым “ал балага турмушка чыкпай, жолдошуңду күт” деп каршы болуп атышат. Жашоодо эң корккон нерсем, фобиям – кыз кишиге кол көтөргөн эркектер эле. Ал эркек кайрадан менин жашоомдо. Мындан ары кандай кадамга барам?

Сейил 

«Азия Ньюс» гезити

Предыдущая статьяКовидден эл кырылып баштаса, Алымкадыр Бейшеналиевге уу коргошунду жылытпай ичиришеби?..
Следующая статьяАбдил Сегизбаев ковидден кийин 15 кг арыктап, сөлөкөтү эле калыптыр

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here