Ассаляму Аалейкум. Менин бир чоң көйгөйүм бар эле. Намаз окуган илимдүү, ыймандуулар менен кеңешейн деп чечтим. Турмушка чыкканыма 5 жыл болду, бир кызым бар. Жолдошум ушул күнгө чейин (махр) калыңды берген жок. Кайненем алдыңа барабыз деп айтканынан 4 жыл өттү. 1 жарым жылдай калп айтпайын жакшы жашадык. Жолдошум жалкоо экенин кийин билдим, оорудум деп эле үйдө жата берчи, мен төрөп кызымды апама таштап иштеп жүрдүм. Кичине акча табам, үйгө азыктүлүк, кызыма акча салам. Ошентип бир тууган иним дагы 1000 доллар салды ошону менен күн өткөрдүк. Жолдошума койчу эми өзгөрүп кетет, балким жакшы жумуш табылаар деп жүрүп 5 жыл өттү. Ачуум келип уруштук же ажырашабыз же мени аял кылып алган соң бага турган милдетинди кыл десем. Өзү менден жашабасан кой деп Москвага кетип калган. Ата-энем бир туугандарым баары ачууланып калышты. Эми кайра мышык болуп баркымды билдиби…? жалдырап жашайлык деп жатат. Мен дагы ажырашкым келбейт. Кызым чоңойуп баратат. Ата-энем менен кеңешип мен жолдошуман (махр) калыңды 150миң талап кылып жатабыз. Туура эле кылып жатабызбы? — деп окурмандардан кеңеш сурап кат жазган И.Ч.
Предыдущая статьяБүгүн Садыр Жапаров Тажикстанга барат
Следующая статьяАсель Кадырбекованын атасы: «Кызымдын турмушу жарым болбосо экен деп аракет кылабыз»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here