Пт. Янв 21st, 2022

Анда сөз башынан болсун, мен өзүм 21 жаштамын, турмушка чыгып ажырашып кеткем бир балам бар. Эркектерден тажадым, көргүм келбейт. мен бир кызды аябай каттуу жакшы көрөм, чамасы сүйүп калдым окшойт. Ал кыз менден 3 жаш кичүү. Анын сүйлөгөндөрү, кылыктары, күлкүсү баардык жагынан мага аябай жагат. Анын өзүнө айта албайм, сени жактырам деп. Биз жолугуп сүйлөшүп, жазышып жүрө беребиз. Тамашалап сени сүйөм деп койом. Ал тамаша катары көрүп жүрө берет, анын мага болгон мамилеси жакшы сыйчыл кыз, мен аны эч кимге жолоткум келбейт. Ал болсо көп балдар,,кыздар менен жүрө берет, мени эч эле укпайт. Телефон чалсам албай дагы койот, көп адамдарды өзүнүн теңине ала бербейт. анын жанында өзүмдү аябай сонун, ыңгайлуу, жан дүйнөм жыргагандай сезем. Ушул адатымды кантип таштайм? Сураныч кенеш бериниздерчи?

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *