«Чыгышэлектр» ААК менен «Ак-Терек ГЭС», «Ала-Баш ГЭС», «Тоң ГЭСи» ишканаларынын ортосунда электр энергиясын сатып алуу жөнүндө келишим түзүлдү.
23-июнда президент ишкерлер менен болгон жолугушууда Энергетика жана өнөр жай министрлигине чакан ГЭСтерден электр энергиясын сатып алуу маселесин эки күндүн ичинде чечүү тапшырмасын берген. Бул жыйында ишкер Рахатбек Ирсалиев чакан ГЭСтерден электр кубатын сатып алуу маселеси мамлекеттик бюрократиянын айынан көп убакыттан бери чечилбей келатканы жөнүндө маселе көтөргөн эле.
“Бул тапшырманы ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинде энергетикалык компаниялардын, Мамлекеттик Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин жетекчилиги ишкер Рахатбек Ирсалиев жана «Импекс Трейд» ЖЧКсынын (Сокулук ГЭС 2) өкүлү менен жолугуп, анда Чакан ГЭСтердин иши боюнча маселе талкууланды”,-деп билдирди Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы.

Жолугушуунун жыйынтыгында «Чыгышэлектр» ААК менен «Ак-Терек ГЭС», «Ала-Баш ГЭС», «Тоң ГЭСи» ишканаларынын ортосунда электр энергиясын сатып алуу жөнүндө келишим түзүлдү.
Муну менен катар «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду демилгелөө чечими кабыл алынды.

Ошондой эле «Түндүк электр» ААК менен «Импекс Трейд», Энергетика жана өнөр жай министрлиги менен «Импекс Трейд» ортосунда чакан гидроэлектростанция куруу жөнүндө келишимге кол коюлду.
Мына, президенттин берген тапшырмасы менен маселе экин күндө чечилди. Иштесе болот экен да.

Опер.кж
Предыдущая статьяКазахстан Кыргызстанга берген 10 миң тонна ундун мөөнөтү өтүп кеткен
Следующая статьяКовидден эл кырылып баштаса, Алымкадыр Бейшеналиевге уу коргошунду жылытпай ичиришеби?..

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here