Олигарх депутат Азамат Арапбаев аз күн мурда чет өлкөгө чыгып кеткенин уктук. Исхак Пирматов кармалгандан кийин эле куйкасы курушуп, тыбырчылап калганында мандем жок беле? Экөө айрым бизнестерин чогуу жасап жүрүшкөнү ачыкталабы? Айрым билермандар Азамат Арапбаевди “Мыйзамсыз баюу” беренесине кабыларын тымызын айтышууда. Себеби, Курманбек Бакиевдин “Акжол” партиясынан депутат болгонго чейин эле “майталкандын” үстүндө жүрчү. Ошондон тарта мандат колунан түшпөйт, улам бир партиядан депутат болуп эле келатат. Он жылдан ашык убакыттан бери ири көлөмдөгү жерлерди алганы, ар кыл тармактан бизнесин жайылтканы жашыруун эмес. Кайсы бийлик келбесин, жең ичинен берчүсүн берип, баарын колго алып келатканы кандай? Бирок, бу саам кыйналып калчудай. Былыгы чыккан аткаминерлерди, лөктөрдү Садыр Жапаров эч нерсесине карабай каматып, “кустуруп” атат го? Арапбаевге да кезек жакындап калса керек. Чет өлкөгө эмнеге чыгып кеткен? Байлыгын жашыруу үчүнбү, же эс алганыбы? Бул эргулдун Кыргызстандын түндүк-түштүгү дебей ири объектилери, ишканалары арбын экенин билебиз. Эмгиче тергөө органдары ырааты менен тизмектеп отурса керек…

«Азия Ньюс» гезити

Предыдущая статьяУКМКдан АКС жоюлса, Камчыбек Ташиев шайлоого аттанабы?
Следующая статьяСоке экс-президент макамынан ажырайт. Күзгү “десертке” калыптыр…

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here