Былтыркы күздөн бери Сооронбай Жээнбековдун жакын адамдары, кадрлары камакка алынуунун эле үстүндө келатышат. Айрымдары “кусуп”, үй камагына чыгышууда. Логика болуш керек го? Сокенин жанжөөкөрлөрүнүн баары ар кандай оор кылмыштарга айыпталып жатышса, өзү сүттөн акпы? Жо-ок, тергөө органдарынын тымызын маалыматына караганда, экс-президент макамын минип отурган Сооронбай Жээнбековдун былык иштери депутаттар жайкы каникулдан келгенден кийин көтөрүлөт экен. Ошондо күзгү “десертке” калды окшойт. Бир эсе коомчулук да экс-президенттин статусун алууну талап кылышууда. Эки-үч айда бышса, парламент депутаттары бул жагынан соттогонго мыйзамдаштырып беришсе, анан Атамбаевдин тагдырын кийери кеп бекен?

«Азия Ньюс» гезити

Предыдущая статьяВИДЕО- Баткенде тажик жарандарды Кыргызстанга мыйзамсыз өткөрүп, иштетип жатышат
Следующая статьяБирөө бизди ажыраштырды… Күйөөмө ак экенимди кантип далилдейм?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here