Кыргызстан ЕАЭБге кирерде Россия мекенибиздин даярдык иш-чараларына 200 миллион доллар грант катары бөлүп берген. Бирок ошол кездеги Жоомарт Оторбаев жетектеген өкмөт ал акчаны мамлекеттер арасында кыргыз элинин кызыкчылыгына пайдаланбай, Андрей Бельяниновдун жеке чөнтөгүнө, Араз Агаларов жетектеген “Крокус” фирмасына 129 миллион долларды которттуруп бергени ачыкталабы? Буга түздөн-түз тийешеси бар катары экономика министри Темир Сариев жана финансы министринин орун басары Мирлан Байгончоковдун ысымдары аталып жүрөт. Мамлекетибиз ЕАЭБге эч кандай даярдыгы жок киргенин кантип унутабыз? Ар кандай лабораториялар жана чек ара бекеттери кеч же кайра өзүбүздүн башка булактардан курулган. Тергөө органдары бул маселени териштирип, күнөөлүүлөрдү аныктайт (!) деген ишенимдебиз.

«Азия Ньюс» гезити

Предыдущая статьяБирөө бизди ажыраштырды… Күйөөмө ак экенимди кантип далилдейм?
Следующая статьяАйданбек Акматов: “1,7 миллиард доллардан үмүт үзүп койсок болот”

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here