Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус жуктуруп алды. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине министр өзү тастыктады.

Анын айтымында, ПЦР-тестинин жыйынтыгы оң чыккан.

«Уу коргошунду үч күндөн бери ичип жатам. Мурдагы күнү абалым начарлап, дене табым көтөрүлгөн. Дароо коронавируска тест тапшырсам, оору жуктурганым аныкталды. Ошол бойдон эч жакка чыккан жокмун. Азыр иш бөлмөмдө обочолонуп, видео байланыш аркылуу аралыктан иштеп жатам. Эч жакка чыккан жокмун. Тамакты эшиктин жанына таштап коюп жатышат. Эртерээк өзүмө келейин деп уу коргошун менен эле дарылануудамын. Бир-эки күндүн ичинде бутума туруп калам. Оору күч алып жатканда өзүм жатып албашым керек», — деди министр.

 

Предыдущая статья«Буюрса бейиштен жолугабыз». Ошто турникке асынып каза болгон окуучу кыздын акыркы каты табылды
Следующая статьяВИДЕО — Карантин киргизилеби? Улукбек Мариповдун кайрылуусу

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here