21-июнга караган түнү Ош шаарындагы Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгындагы спорт аянтчалардын биринде турникке асынып каза болгон 17 жаштагы кыз өлүм алдында досторуна кат калтырган. Бул маалыматты Ош технологиялык университетинин проректору Рамис Ыдырысов «Turmush» басылмасына тастыктаган.

«Асынганга чейин курбуларына кат таштаган экен. Ал катты биздикилер көрбөптүр. Азыр ал кат тергөөчүнүн колунда. Тергөөчүгө байланышсак, бизге да окуя боюнча ачык айтпай жатышат. Азыр катты алган курбу кыздары эс алууда», — дейт Ыдырысов өз сөзүндө.

Ош ШИИБден ырастагандай, кыз катында «Мен ушунча жашаганыма ыраазымын, буюрса бейиштен жолугабыз» деп курбуларына кат калтырган.

Ош технологиялык университетинин ректорунун милдетин аткаруучу Жумакадыр Матисаков бүгүнкү күндө студенттин өлүмү боюнча ич ара териштирүү болуп жатканын айтат. Каза болгон өспүрүм кыз ОшТУнун алдындагы Гуманитардык технологиялык колледжинин архитектура жана курулуш бөлүмүндө билим алчу. Ал быйыл 1-курсту аяктап, эс алууга чыккан.

«Биз кыздын ата-энеси менен байланыша алган жокпуз. Себеби, алар өздөрү аза күтүп отурат. Окуя боюнча сураганга ыңгайсыз болду. Аны менен чогуу окуган студенттер менен сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул студентибиз Гуманитардык технологиялык колледжине 9-класстын базасы менен кирип, быйыл 1-курсту аяктаган болчу. Жайкы сессиясы аяктап, эс алууга кетишкен.

Окуя кандай болгонун билбейбиз. Укук коргоо органдарында так маалымат болушу керек», — деди Жумакадыр Матисаков.

20-июндан 21-июнга караган түнү ызы-чуу болуп, жатаканалардын бириндеги кароолчунун да түн уйкусун бузган. Студент кыздын сөөгү табылган спорт аянтча Ош соода-экономикалык колледжинин жатаканасынын артында жайгашкан.

«Ошол түнү менин кезметим эле. Элдер ызы-чуу болуп жүрүштү. Анан эле бирөө асынып алыптыр деген сөздөр айтылды. Түнкү саат 02:00 болчу. Биздин жатаканада жашаган студенттердин баары балкондон чыгып карап жатышты», — деди атын атагысы келбеген кароолчу.

Буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгы 20-июндан 21-июнга караган түнү саат 03:00 чамасында өспүрүм кыз шаардагы спорт аянтчалардын биринде асынган абалда табылганын маалымдашкан.

Предыдущая статьяСадык Шер-Нияз Кыргызстандын Франциядагы элчиси болуп дайындалды
Следующая статьяМинистр Бейшеналиев COVID жуктуруп, кабинетинен чыкпай уу коргошун ичүүдө

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here