Турмушка чыканыма 1 жыл болуп калды. Жолдошум экөөбүз жакшы эле жашап жатканбыз. Болгону балалуу боло албай жүргөнбүз. Бирок үйдөгүлөр ал жөнүндө эч нерсе дебейт деле. Анан кечээ менин телефонумду жолдошум алып жүргөн. Ошол учурда бирөө чалып алып, бузуку сөздөрдү айтып, экөөбүздүн мамилебизди муздатып салды. Ар кандай жаман нерсени айтыптыр. Мен аны тааныбайм, ал мени тааныйт экен. Жолдошум ага ишенип, мага келип, “кийимдериңди ал дагы, кетип кал” деди. Күнөөм жок экенин айтсам ишенбеди. Айласыз анан мен кетип калдым. Эми эмне кылам? Ойлонуп жата берип, жинди болуп кеттим…

Нура 

Предыдущая статьяСоке экс-президент макамынан ажырайт. Күзгү “десертке” калыптыр…
Следующая статьяРоссиянын 200 миллион доллар парасын ким жеген?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here