ВИДЕО- Баткенде тажик жарандарды Кыргызстанга мыйзамсыз өткөрүп, иштетип жатышат

Баткенде тажик жарандарды Кыргызстанга мыйзамсыз өткөрүп алып келип иштетип жатышат. Бул тууралуу фейсбук колдонуучу Акжол Нишанов жазды.

“Ай, Баткенчилерим! Ушунуңарды койсоңор боло! Күнүгө 600 сомдон 3000ге жакын тажикти иштетип келгенбиз. Эмнеге кызылдай акчаны карматып атасыңар буларга? Күч керек болсо, жергиликтүү элдин арасынан деле тапсаңар болот го. Жок дегенде кышка чейин чыдап койсоңор боло… Эмне үчүн ушунча жоготуудан кийин дагы деле чек ара пункттары катуу көзөмөлгө алынбай жатат? Бу “лөлүлөрүң” деген кыргыз эмес, чет өлкөнүн жараны да!? Кирген чыкканын карагыла да”,- деп жазды.

Add your comment

Your email address will not be published.