“Кумтөр” иши боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун колдоочулары Бишкек шаардык сотунун алдында митинг өткөргөн.

Чогулгандар анын сот залынан бошотулушун, саясий куугунтукту токтотууну талап кылышкан эле.

Мындан 2 айдай мурун эле УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Өмүрбек Бабановдун бир дагы кылмыш иши аныкталбагынын айтканын эскертишти.

Кайсы бийлик келбесин саясий буйруктарды аткарган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери Кыргызстанды туңгуюкка түртүп жатканын айткан жарандык активист Мурат Соорбеков:
“Убагында Садыр Жапаровду камакка алган тергөөчү бүгүн Өмүрбек Бабановдун ишин тергеп жатат. Биз ушундай саясий буйруктарды аткарган сотторду, тергөөчүлөрдү, прокурорлорду жоопко тартууну бийликтен суранбай, талап кылышыбыз керек. Бийлик канча алмашса дагы, булар көнгөн ишин жасай беришет. Булардан тазаланмайын, өлкөбүздө акыйкаттык орнобойт”, — деди.

Предыдущая статьяБалдар үйүндөгү баланын өлүмү. Тергөө экспертизалардын жыйынтыгын күтүп жатат
Следующая статьяЭрулан Кокулов парламенттик шайлоого катышат. Колдойсузбу?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here