Түп районунда 12 жаштагы өспүрүм баланы жылан чагып алды. Учурда ага кан керек болуп жатканын жакындары билдиришти.

Маалым болгондой, 22-июнь күнү саат 16:00 чамасында Түп районунун Күрмөнтү айылында 12 жаштагы Байэл огород жакка барып келе жатканда жыланды көрбөй, куйругун басып алган. Жылан аны дароо чагып алган. Жакындары уусун чыгарууга аракет жасап, ооруканага алып барышкан. Дарыгерлер ага 23-июндан бери кан куюп жатышат. Бирок учурда донор табылбай, кан изделип жатат.

«Ага тез арада 4 топтогу (терс) кан керек болууда. Учурда мурду канап, басылбай жатат», – деди алар.

Донор болом дегендер 0 509 67 89 10, 0 500 53 23 30 номурларына чала алышат.

Предыдущая статья«Эч нерсе кылган жоксуңар». Ташиевдин уулу бийликти айыптап чыкты
Следующая статьяВИДЕО- Баткенде тажик жарандарды Кыргызстанга мыйзамсыз өткөрүп, иштетип жатышат

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here