Ырчы Асел Кадырбекова алдына максат коюш үчүн баардыгын ойлонуп чыгууга өзүнө бир апта убакыт бергенин билдирди. Бул тууралуу ырчы социалдык баракчасына жазды.

“Баарын ойлонуп, алдыга максат коюш үчүн өзүмө бир жума убакыт бердим. Үйдө отуруп алып өзүмдү аяганым жетишет деп ойлойм. Жашоо уланууда. Өзүмдү колго алып жана мындан ары карай кетиш керек? Кичинекей кадамдарды болсо дагы таштап, бирок максатка жетүү керек. Колдоону дагы, ыңгайлуу учурду дагы күтүүнүн кереги жок. Баардыгы жакшы болот. Баары убактылуу. Менин көчөмдө дагы майрам болот. Бул менин азыркы урааным. Жашоодо “жыгылдым”, бирок менин туруп кеткенге күчүм жетет. Өзүңүздөрдү баалаңыздар!” деп пикир калтырды ырчы айым.

Шоу-бизнестеги жылдыздуу түгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова буга чейин эки айрылыш жолго түшкөнүн билдиришкен эле.

Предыдущая статьяБабановдун Кумтөр боюнча жети эрдиги – тизме
Следующая статьяАкылбек Жапаров: “Мен дагы жүрөктүн дарысын ичем”

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here