Вт. Янв 25th, 2022

Казакстан жакынкы айларда эч бир өлкөгө коронавируска каршы QazVac вакцинасын бербейт. Бул тууралуу өлкө вице-премьери Ералы Тугжанов билдиргенин Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Белгилей кетсек, буга чейин, Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ушул жуманын ичинде өлкөгө казакстандык QazVac вакцинасы алып келинерин айткан. Болгондо дагы жума же ишемби күнү вакцинанын 50 миң дозасы гумжардам катары келерин баса белгилеген.

«Биринчи кезекте Казакстан вакцина менен өз жарандарын камсыздоосу керек. Андыктан август айынын аягына чейин кайсы бир өлкөгө QazVac вакцинасын жөнөтүү боюнча сөз дагы болбойт. Сентябрь айында гана вакцинанын 1 миллионго жакын дозасын даярдап бүтөбүз. Ошондо башка өлкөлөргө берүү маселесин карашыбыз мүмкүн», — деди Тугжанов.

Ал эми коңшу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Алексей Цой балким мындай өтүнүч менен Кыргызстан Казакстанга кайрылса керек деп божомолдоду.

«Албетте, кызыкдар өлкөлөр бар. Биз өтүнүч, сунуштардын бардыгын карап чыгабыз. Бирок жакынкы айларда эч кимисине вакцина бере албайбыз», — деди Цой.

QazVac (QazCovid-in) — Казакстанда чыгарылган коронавируска каршы препарат. Алгач 75 миң доза өндүрүлүп, апрель айынан баштап жергиликтүү эл эмделе баштаган. Клиникалык сыноонун акыркы, үчүнчү фазасы 2020-жылдын декабрь айында өткөрүлгөн.

от jurik

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *