Токтогазиев: “Биз революцияны жасап жатканда Садыр Жапаров кайда эле?”

Мурдагы Айыл чарба тамак-аш жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев Октябрь окуяларында өзүмдү пайдаланылып калгандай сезбейм, себеби бул нормалдуу эле көрүнүш. Мындай пикирин ал “АвторТв” медиа тармагына билдирди.
“Ар бир революцияны кылгандар жана пайдаланып кеткендер болот. Мен бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш го деп эсептейм. Ушундай революциялар жасалганда биринчи аны жасаган кишилерди кызматка киригизип коет, анан кийин конкурент катары көрүп акырындап чыгырып салат. Октябрь революциясында люстрация элдин талабы болгондуктан, Жапаров мени аргасыз бийликке койгон. Биз революцияны жасап жатканда Садыр Жапаров кайда эле? Шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып
13 партия кол топтогондо жалгыз гана Ташиев кол койбой кетип калган. Бул жакта бир топ саясий оюндар болуп кеткен”-
деген Токтогазиев.

Add your comment

Your email address will not be published.