Мындай пикирин алып баруучу Назира Айтбекова жеке баракчасына жазды:
Бир таанышым менен сүйлөшүп отурсам, “ Бир сулуу кыз бар эле. Ашык болуп , аңдып жүрүп, бир күнү жолугушууга чакырдым. Үйүнөн тамак жыттанып чыкты эле. Дароо көөнүм айнып, баягы кыздан көңүл калды” дейт.
Дагы бир досум “Кыздар менен “Свиданиеге” бардык. Мага бир кыз жагып аткан. Карасам эле кулагында чачынын боёгу калып калыптыр. Ошол жерден “тык” токтоттум. Кулагын жууй албаса, башка жагына деле колу жетпесе керек деп ойлоп, көңүлүм айный түштү” дейт.
Эркегиң дегенчи баары бир көзү менен сүйөт экен. Үйүн тим эле укмуш жыйнап, баласын төрөп, тамагын жасап, тың аялы болсо деле сулуу чымчыкты көргөндө безеленип сайрап, булбул болуп, мойну үзүлүп , көзү түшүп калгыча тиктеп, ашык боло берет экен да эй! Ошону эле айтып коеюн дегем!
Предыдущая статья81 депутат Асылбек Жээнбековду бошотууну суранды
Следующая статьяЖылдыз Жолдошова: «Садыр Нургожоевич, бардык маселени ырааты менен чечпесеңер, абал оорлошуп баратат»

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here