Чүй облусунун Кемин районунда жаш жубайлар жол кырсыгына кабылды. Окуя 13-июнь күнү катталган.
Аймактык кабарчыга маалым болгондой, 1985-жылы туулган айдоочу «Mercedes-Benz W124» үлгүсүндөгү унаасын башкарып бара жатып, жол кырсыгына кабылган. Анын жанында жубайы болгон.
Чүй ЖКККБнын басма сөз кызматы окуяны тастыктап, кырсык түнкү саат 02:00 чамасында болгонун билдиришти. Алардын маалыматына ылайык, Кемин—Борду унаа жолунда «Mercedes-Benz W124» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жол четиндеги бакты сүзгөн. Анын кесепетинен айдоочу менен бир жүргүнчү жабыркап, ооруканага жеткирилген.
Учурда жабырлануучулар Бишкек шаардык №4 ооруканада дарыланып жатышат. Маалым болгондой, алардын абалы өтө оор. Жакында айдоочунун бутуна операция жасалат.
Кеминдик тургундар жаш жубайларды үйүндө кичинекей төрт кызы күтүп жатканын угуп, жардамга кол суна башташты.