Үч күнгө Көлгө, төркүнүмө кеткем. Келип, эч нерсени деле шекшиген эмесмин. Күйөөм тамагын жасап ичип алчу. Бирок, ал бирөөнү алып келип көңүл ачканын кокустан билдим. Үйдү жыйнап жатып алтын чынжырча таап алдым. Меники эмес. Аны көргөндөн кийин жиним келип, күйөөмө чоң чатак салгым келди. Бирок кайра өзүмдү колго алып, «бир аз күтөйүн, тигиниси издейт» дедим. Күйөөм мага билгизбей үйдү «тытып» жатат. Жыйнабаган жакты жыйнап, чукулап- укулап жүрөт. Мен да сыр берген жокмун. Өзүнчө кыжалат. Эми жаңы чынжырча алдырып алсын. Мен да унчукпай жүрөм.
Күйөөмө деген сезимим муздай түштү. Өзү деле кыжалат болуп, жаныма жолой албай жүрөт. Эркектерге кыжырдануум күч алды. Эмнеге алмончоктой жубайларын алдашат? Жашоонун кунары качып, өзүмө келе албай жүрөм…
Гүлайым
Предыдущая статьяОшто мас абалындагы чыр-чатак учурунда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери өлтүрүлдү
Следующая статьяКелиним менен баламды ажыраштырып, эртең өкүнүп калбаймынбы?

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here